ТОКТОМ
___________________ №________ Жыргалаң айылы
Жыргалаң айылына кошумча электр көмөк чордонун орнотууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
2023-жылдын 22-январындагы Жыргалаң айылынын Октябрдын 50- жылдык жана Школьная көчөлөрүнүн тургундарынын турак жайларында электроэнергиянын чыңалуусу төмөн болгондугу жөнүндө кайрылуусун аткаруу максатында жана Ак-Суу райондук электр тармактары ишканасынын жетекчилигинин ооз эки сунушунун негизинде Жыргалаң айылынын Октябрдын 50 жылдык жана Школьная көчөлөрүнүн кесилишине кошумча электр көмөк чордонун орнотууга байланыштуу Жыргалаң айыл аймагынын айыл өкмөтү токтом кылат:
- Жыргалаң айылынын Октябрдын 50-жылдыгы жана Школьная көчөлөрүнүн кесилишине кошумча ( КТП 711/160кВА ) көмөк чордонун орнотуу үчүн 5 (беш ) чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
- Ак-Суу райондук электр тармактары ишканасынын Ново-Вознесеновка бөлүмчөсүнүн башчысына (Мамыралиев Р.Т.) бөлүнүп берилген жер участокту максаттуу пайдаланышы жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы П.С. Кокоевге жүктөлсүн.
Башчы Т.А. Мукалаев___
Жиберилди: иш кагаздарга-1, П.С. Кокоевге-1, Ак-Суу РЭТИ -1, Ново-Вознесеновка бөлүмчөсүнө-1.