Мукалаев Талгат Абдыкадырович

Мукалаев Талгат Абдыкадырович

Жыргалаң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы

Мукалаев Талгат Абдыкадырович – 1975-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарында төрөлгөн, кыргыз,  2 билими бар: атайын орто билим  – Токмок шаарындагы  агроөнөржай колледжи : техник-технолог, жогорку билим – Каракол шаарындагы Москва шаарынын ишкердик жана укук институтунун филиалы, юриспруденция.

Муниципалдык стажы: 12 жыл 8 ай.  Жыргалаң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунда  2015-жылдын 2-апрелинен тартып азыркы учурга чейин эмгектенип жатат.  Т.А. Мукалаев жетектеген айыл өкмөтү 2020-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан  “Мыкты айыл өкмөтү” аттуу кароо сынакка катышып  Кыргызстан боюнча  2-байгелүү орун ээлеп 1 млн.сом акча каражаты менен сыйланган.

Т.А. Мукалаев Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын “Кадырлуу эмгек каарманы”, “Эл сыймыгы” төш белгилери менен сыйланган, “Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруунун мыктысы” төш белгисинин ээси. “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 3-класстагы кеңешчиси” чендин ээси.

Comments are closed.