Кокоев Памир Сариевич
Жооптуу катчы
1953-жылдын 5-майында Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Боконбаев айылында төрөлгөн, кыргыз, 2 билими бар: атайын орто билим – Түп районунун Светлый Мыс айылындагы айыл чарба техникуму, : агроном, жогорку билим – Пржевальск шаарындагы (азыркы Каракол шаары), педагогикалык институт: мугалим.
Мамлекеттик жана муниципалдык стажы: 22 жыл 9 ай. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси (2001-2005-ж,), бөлүм башчысы ( 2012-2015-ж), Бишкек мэриясынын Свердлов райондук администрациясынын бөлүм башчысы (2008-2011-ж), Ак-Суу районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары (1999-2001-ж).
П.С.Кокоев Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын “Кадырлуу эмгек каарманы”, “Ардактуу атуулу”, “Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруунун мыктысы”, Ысык-Көл облусунун “Кадырлуу эмгек каарманы” төш белгилеринин ээси. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын 2-класстагы кеңешчиси” чендин ээси.